“Манас” улуттук академиясы мамлекеттик мекемеси аспиранттарды, докторанттарды,
изденүүчүлөрдү, илимий кызматкерлерди, окутуучуларды “Эпос” эл аралык илимий журналынын
июль айындагы жаңы санына өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүнүн
жыйынтыктарын жарыялоого чакырат. “Эпос” эл аралык илимий журналынын башкы максаты –
кыргызстандык жана чет өлкөлүк изилдөөчүлөргөилимий изденүүлөрүнүн жыйынтыктарын
жарялоого көмөк көрсөтүү. Журналдын редакциясы төмөнкү багыттар боюнча
изилдөө макалаларын жарыялайт:
1. Фольклористика;
2. Лингвистика жана адабияттаануу;
4. Тарых жана этнография;
5. Антропология.
Булардан тышкары аталган тармактар боюнча жазылган монография, окуу китеби,
окуу куралдары жөнүндөгү рецензия, сын макалалар да кабыл алынмакчы.
Макалалардын тили: кыргызча, орусча, англисче.
Кол жазмалар 2023-жылдын 1-августуна чейин kojakynovajazgyl@mail.ru электрондук дарегине кабыл алынат.
Толугу менен төмөндөн таанышып алыңыздар: 👇
https://eposview.kg/for-authors